Бүгүн, 23-октябрда, Ак илбирстин эл аралык күнүнө карата президентинин администрациясынын кызматкерлери «Ак илбирсти колдоо үчүн 23 мүнөт» акциясына катышышты.
Иш-чара Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун жана президенттин 2023–2027-жылдарга тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын ишке ашыруу боюнча атайын өкүлү Динара Кемелованын катышуусунда өттү.
Акция Кыргызстандын туруктуу өнүгүү идеяларына жана жаратылышка аяр мамиле жасоого берилгендигин күбөлөндүрүп турат. Катышуучулар сейилдеп, ак илбирсти коргоо менен биз келечек муундар үчүн жашоонун, тең салмактуулуктун жана шыктануунун булагын сактап каларыбызды эске салышты.
Президенттин администрациясы өлкөнүн бардык жашоочуларын жана Кыргызстандын дүйнө жүзүндөгү досторун тоолорубуздун сакчысынын жана адам менен табияттын ортосундагы гармониянын символунун урматына 23 мүнөттү кыймылга — сейилдөөгө, чуркоого же каалаган башка активдүү аракетке арноого чакырат.