7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президенттин кубогуна арналган көк бөрү мелдешине Афганистандын командасы катышат

750

Август айында Кыргызстандын президентинин кубогуна арналган көк бөрү боюнча мелдешке Афганистандын командасы катышат. Бул тууралуу федерациядан билдиришти.

Кечээ улуттук федерациянын башкы катчысы Куватбек Аскарбеков Афганистандын көк бөрү боюнча «Кандагар» командасынын жетекчиси Кайс Хасан менен сүйлөшкөн.

«Сүйлөшүүдө ата-бабалардан калган мурастын уландысы катары көк бөрү оюнунун маанилүүлүгү талкууланды. Тараптар тажрыйба алмашуу жаатында эл аралык платформа түзүү жолу менен ат оюнун жайылтуу боюнча кызматташууга тилектештигин билдиришти», — деп айтылат маалыматта.

Аскарбеков кыргыз тарап эки өлкөнүн командаларынын биргелешкен машыгууларын өз жеринде уюштурууга даяр экендигин белгилеген. Машыгуулар ат оюнун эл аралык аренада өнүктүрүү, ошондой эле башка чет элдик спортчуларга тажрыйба берүү максатында өткөрүлөт.

«Көк бөрү оюнун өнүктүрүү үчүн биз Кыргызстан менен кызматташуу меморандумуна кол коюуга даярбыз. Ошондой эле тажрыйба алуу максатында кыргыздын көк бөрү боюнча машыктыруучуларын жиберүүнү суранабыз», — деген Кайс Хасан.

Белгилей кетсек, президенттин кубогуна арналган эл аралык мелдеш Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарындагы ат майданында август айынын аягында өтөт.

 

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

751