7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президенттин төрагалыгы астында Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйыны өттү

147

Кыргызстандын президенти – Коопсуздук кеңешинин төрагасы Садыр Жапаров бүгүн, 11-апрелде бир катар мамлекеттик органдардын жетекчилеринин, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлеринин катышуусунда Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрдү.

Улуттук коопсуздукту камсыз кылуунун, ошондой эле өкмөттүн 2014-жылдын 17-февралындагы № 99 токтому менен бекитилген, Стратегиялык объектилеринин тизмегине сунуштарды киргизүү жөнүндө айрым маселелер каралды.

Мамлекет башчысы айрым мамлекеттик органдардын жетекчилеринин улуттук коопсуздуктун кээ бир маселелери боюнча мурда кабыл алынган чечимдерин аткаруусу боюнча маалыматтарын укту.

Иш-чаранын жыйынтыгында бир катар жетекчилерге иштерин активдештирүүгө жана улуттук коопсуздук үчүн тобокелдиктерди жана коркунучтарды жоюу боюнча өз учурундагы чараларды көрүүгө тиешелүү тапшырмалар берилди.

148