7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президенттин тапшырмасы менен Бишкекте кыз-келиндер күрөшү үчүн спорттук зал курулат

794

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы боюнча Бишкек шаарында кыз-келиндер күрөшү менен машыгуу үчүн спорттук зал курууга жер тилкеси бөлүндү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Министрлер кабинети дене тарбия жана спорт тармагын жакшыртуу максатына багытталган иш чаралардын комплексин иштеп чыгууда. Жакынкы арада аталган объектинин курулушун башталаарын билдирет.

Бул спорттук залда спортту калк арасында кеңири жайылтуу үчүн бардык зарыл шарттары болот.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылы Кыргызстандын балбандары ар кыл эл аралык мелдештерде жогорку спорттук натыйжаларга жетишишти. Алардын арасында байгелүү орундарга ээ болуп, кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама команда өзгөчөлөндү.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

795