7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президенттин жардамчысынан 300 миң доллар талап кылган Данияр Акматов кармалды

777

Президент Садыр Жапаровдун жардамчысынан 300 миң доллар опузалаган адам кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шектүү катары Инвестицияларды коргоо агенттигинин мурдагы директору Данияр Акматов кармалган. Ал президенттин жардамчысынан, ага тиешелүү чагымчыл материалдар бар, аны массалык маалымат каражаттарына чыгарам деп коркутуп, 300 миң доллар опузалаган деп шектелүүдө.

Видеодо акчаны биткоин менен ала аларын, 12 биткоин которууга болорун айтканын көрүүгө болот. Шектүү 6-сентябрда опузалаган акчасынын бир бөлүгүн алып жатканда колго түшүрүлгөн.

Учурда УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

778