7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Профессор Омор Касымов: «Эл аман» аптекалары акырындап бутуна туруп келатат

539

Өлкөдө азыр элүүдөн ашык фармкомпания иштейт, алардын көбүнүн өз аптекалары бар. Бир эле тармакта ушунча ишкана болсо, алар арасындагы атаандаштыктын натыйжасында дарыларга болгон баа арзандаш керек эле, бирок чындыгында баардык аптекалардагы баалар дээрик бирдей эле. Бир чети муну – базар экономиканын эрежелери иштей башташына Кыргызстандын 7 миллион калкы жетишсиз деп түшүндүрсө болот, экинчи жагынан, фармкомпаниялар ортосунда тымызын картелдик макулдашуу бар деп да шектенүү мүмкүн.

Маселени чечүү максатында бийлик былтыр «Кыргызфармация» деген мамлекеттик ишкана түзгөн жана анын «Эл аман» деген филиалы Бишкек менен өлкө аймактарында мамлекеттик аптекаларды ача баштады. Алардагы дары баалары жеке менчик аптекаларга караганда төмөнүрөөк, бирок ассортимент азырынча анчалык бай эмес. Бирок акырындап логистика менен башка иштер жолго коюлса, бул аптекалар жакшы эле өнүгүп кетиши мүмкүн, анткени ортомчулары жок, дары өндүрүүчүлөр менен түздөн-түз иштейт…

540