7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Профсоюздар федерациясынын кыймылсыз мүлктөрүн мыйзамсыз ээлегендер аныкталды

497

Кыргызстан профсоюздар федерациясынын кыймылсыз мүлктөрүнө мыйзамсыз ээлик кылуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Ушул жылдын 19-февралында КР Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси «Коррупция» менен козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Кыргызстандын профсоюздар федерациясынын КР билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук Комитетинин  мурдагы төрагасы А.Т., КР КПФнын “Гвоздика” балдар лагеринин мурдагы директору Б.Б.,  Чүй облусунун Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айылындагы «Красная гвоздика» балдар лагерин жана Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда жайгашкан «Ак-Суу» эс алуу үйүн мыйзамсыз ээликтен ажыратуу боюнча коррупциялык схеманы уюштурууга шектелип кармалып, КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда кармалган адамдарга карата тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

498