7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Профсоюздар федерациясынын мурдагы жетекчилери кармалды. Аларга кандай айып тагылууда?

403

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет коррупцияга шек саналып Кесиптик кошуундар федерациясынын мурдагы жетекчиси М.А жана анын орун басары В.М. кармалганын маалымдады.

Атайын кызматтын кабарлашынча, мурдагы жетекчи кызматтагы жана белгисиз адамдар менен бирге 5 млн. 756 миң 700 сомдук ишенип берилген мүлктү ыйгарып алганы такталган. УКМК мындан сырткары дагы каржылык мыйзамсыз аракеттерге барганы аныкталды деп билдирди. Тергөөнүн жүрүшүндө М.А Профсоюздар федерациясынын төрагалыгына шайланууну талап кылынган шарттарды эмгек китепчесине жасалма жаздырып алганы аныкталган.

Шектүүнүн үйүнүн жертөлөсүн тинтүү учурунда электрондук аппарат, майнинг-фермалар табылган. Атайын кызмат анын мыйзамдуулугун тергөө текшере турганын маалымдады. Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (“Коррупция”) менен кылмыш иши козголду. Шектүүлөр УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Учурда тергөө жүрүп жатат. Акыркы беш жылдан бери Кесиптик кошуундар федерациясында бийлик талаш токтобой келет. Федерацияны 2017-жылдан бери жетектеп келген Мирбек Асанакунов 2020-жылдын февралында иштен кеткен.

Кесиптик кошуун — жарандардын ыктыяры менен түзүлгөн коомдук негиздеги көз каранды эмес бирикме. Кесиптик кошуундар өз ишмердиги боюнча жумуш берүүчү тараптарга жана мамлекеттик бийлик органдарына баш ийбейт. Бул уюмдардын каржылык ишмердигин Эсеп палатасы жылына бир жолу текшере алат. Айрым маалыматтарга ылайык, бирикменин жалпы бюджети 1 млрд. сомдон ашат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

404