7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Прогресс: Жыл башынан бери өлкөдө 77 өнөр жай ишканасы ачылды

161

Жыл башынан азыркы күнгө чейин өлкөдө 77 өнөр жай ишканасы ачылды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин өнөр жай башкармалыгынын жетектөөчү адис Бектур Базылбеков “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, бул ишканалардын ичинен 67 ишкана Эгемендүүлүк күнүнө карата ачылып, алардын жалпы суммасы 334,6 млн долларды түзүп, 6 миң 200 жаран иш менен камсыздалган.

“Быйылкы жылга пландалган өнөр жай ишканаларын ачуу боюнча иштер уланууда. Мамлекеттик органдар, министрликтер, кураторлор менен биргеликте 132 ишкананы ачуу багытында иш алып барып жатабыз. Инвестициянын суммасы 1 млрд 17 млн долларды түзүп, жыйынтыгында өлкөдө 11 миңге чукул жаңы жумуш орундары түзүлөрү күтүлүүдө. Баарыңыздарга маалым болгондой, былтыр 2024-жылы жүздөн ашык ишкана ишке кирген. Жалпы суммасы 796,8 млн долларды түзүп, жыйынтыгында 8 миң 315 жаңы жумуш орундары түзүлгөн. Булар салыктардын түшүүсүнө дагы абдан орду чоң деп эсептейбиз”,- деди Базылбеков.

Министрлик тараптан ишкерликти каржылоодо, жер тилкесин трансформациялоодо, уруксат кагаздарын алууда жана башка көптөгөн маселелерди чечүүдө ар тармактуу колдоолор көрсөтүлүп, жума сайын жыйындар өтүп, ишке көзөмөл, мониторинг жүргүзүлүп жатканын Экономика министрлигинин өкүлү маалымдады.

“Өнөр жай тармагын өнүктүрүү Кыргызстандын ички продукциясын курулуш жаатында, өнөр жай тармагында импортко болгон көз карандылыкты азайтып, экспорттук потенциалын жогорулатууга багытталган. Кыргызстанда ата мекендик өндүрүшчүлөр мамлекетибиздин экономикасына маанилүү ролду ойнойт”,- деди ал.

162