7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Прокуратура: Курманбек Бакиев Кыргызстанга келсе токтоосуз түрдө камакка алынат

1028

Башкы прокуратура Курманбек Бакиев Кыргызстанга келсе дароо камакка алынарын айтты. Бул тууралуу басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, эгерде Курманбек Бакиев Кыргызстандын  аймагына келсе же укук коргоо органдары тарабынан алынып келинсе, 2016-жылдын 29-июлундагы соттун өкүмүнүн негизинде токтоосуз камакка алынат. Анткени,  2010-жылдын 7-апрелиндеги окуялар жана башка кылмыштары үчүн Бакиев соттун өкүмүнө ылайык 30 жылдык мөөнөткө эркиндигинен ажыратылып, өкүм күчүнө кирген.

Белгилей кетсек, «Кумтөр» алтын кенине байланышкан коррупциялык факт боюнча Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин ведомостволор аралык тергөө тобу  тарабынан кылмыш  иш тергелүүдө. Буга ылайык, 1992-жылдагы «Кумтөр» жөнүндөгү башкы келишимдин долбооруна, 1994-жылдагы ага киргизилген өзгөртүүлөргө, андан сырткары 2003-жылдагы «Камеко» компаниясы менен түзүлгөн башкы келишимди реструктуризациалоодогу коррупциялык аракеттери үчүн туңгуч президент  Аскар Акаевге шектенүү жөнүндө кабарлама чыгарылган.  Аталган иштин алкагында зарыл болгон тергөө аракеттерин жүргүзүү жана укук коргоо органдарындагы башка  маселелерди тактоо үчүн 2-августта Аскар Акаев Бишкек шаарына алынып келинип, учурда  тергөө органдары менен активдүү кызматташууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1029