Башкы прокуратура Адахан Мадумаровдун Москва шаарындагы мигранттар менен жолугушкан видеосу боюнча чогулткан материалдарды Боршайкомдун кароосуна жөнөттү. Бул тууралуу башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди. Маалым болгондой, Мадумаровдун мигранттар менен жолугушуунун алкагында үгүттөөнүн элементтери болгон.
Эске салсак, «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров 7-ноябрда Москвада мигранттар менен жолугушкан. Ал Кыргызстандагы соңку абал тууралуу мигранттардын суроолоруна жооп берип, президенттик шайлоого катышарын да билдирген.
Мөөнөтүнөн мурда белгиленген президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январда өтөт.