7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Психиатриялык ооруканада жаткан бейтап кылмышкер болуп чыкты

204

Жалал-Абаддын Кызыл-Жар айылындагы психиатриялык ооруканасынан 33 жаштагы бейтап интернет алдамчылыгына шектелип кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы билдирди.

Маалымакта ылайык, 28-майда Бишкектин Свердлов райондук милициясына кайрылган жаран бир нече жолу телефон чалып, өзүн УКМК жана ИИМ кызматкери катары тааныштырган белгисиз адам терминал аркылуу анын 1 миллион 13 миң сомун котортуп алганын айткан.

Иликтөө иштеринде алдамчылыкта сим-бокс аттуу атайын жабдуунун колдонулгандыгы аныкталган. Бул аппарат аталган психиатриялык мекемеден табылган. Окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери шектүүнү кармашкан. Ал ушул сыяктуу кылмыштары үчүн Бишкектин Октябрь райондук сотунун чечими менен мажбурлоо түрүндө дарыланып, жаза мөөнөтүн өтөп жатканы такталган.

Ал сим карталарды ооруканага жашыруун жол менен алып кирип, Telegram мессенжери аркылуу алдамчылык иштерди жүргүзгөнүн моюнуна алган. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.

Тинтүү иштеринин жүрүшүндө 80 даана уюлдук телефон, 72 сим карта, бир нече банк карталары, казино фишкалары салынган чемодан, баңгизаттар, ошондой эле бейтаптардын ооруканадан тышкаркы жүргөн сүрөттөрү табылган.

Учурда мекеме жетекчилигинин аракетине юридикалык баа берүү боюнча иштер жүрүүдө.

 

205