7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Психикалык оорулууларга айдоочулук күбөлүк алууга мыйзамсыз медсправка берилген

533

Талас облусунун Манас жана Айтматов райондору боюнча Дарыгерлер борборунун айрым кызматкерлери тарабынан психиатриялык жана наркоманиядан дарылануу үчүн каттоодо турган адамдарга мыйзамсыз медициналык справкаларды берүү фактылары аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Такталгандай, Манас жана Айтматов райондорунун медициналык мекемелеринде диспансердик каттоодо турган жарандар медициналык корутундунун негизинде айдоочулук күбөлүк алышкандыгы белгилүү болду.

Бул факты боюнча топтолгон материалдардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 346-беренеси (Кызматтык жасалмачылык) боюнча кылмыш иши козголуп анын алкагында Манас жана Айтматов райондорунун медициналык борборунда тинтүү жүргүзүлүп, айрым медициналык кызматкерлердин мыйзамсыз аракеттерин тастыктаган документалдык материалдар алынган.

Учурда жалпы дарыгерлер практикалык борборунун жана «Унаа» мамлекеттик мекемесинин аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин ичинен бул мыйзамсыз аракеттерге тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган иликтөө иш-чаралары улантылууда.

 

 

 

534