Акырындык менен шаар ичиндеги жылуулук температурасын көтөрүп жатабыз. Бул тууралуу Энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди.
«Кечки саат 22:00гө чейин штаттык режимде иштеп калат деп пландап жатабыз. Жетишпеген тетиктер, бригадалар бар»,-деди ал.
Эскерте кетсек, 2-февралга караган түнү болжол менен саат 03:00дө Бишкек ЖЭБинде авария катталып, жабдуулар иштен чыккан. Алдын ала маалыматка караганда, беш адам жабыркап, ооруканага түштү.