7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ЖЭБдеги авариядан эки жабырлануучунун денесинин 80%ы күйгөн

646

Саламаттык сактоо министринин орун басары Медербек Исмаилов Бишкек ЖЭБинде орун алган авариядан жабыркагандардын абалы тууралуу айтты.

Анын айтымында, Бишкек ЖЭБиндеги авариянын кесепетинен 5 жабырлануучу Шаардык тез жардам ооруканасына жеткирилген.

«Жабырлануучулардын үчөө өрттөн 1, 2 жана 3-даражадагы күйүк алган. Алардын экөөнүн бети, моюну жана тулку бою, буттары, тактап айтканда, денесинин 80%ы күйгөн. Экөө тең оор абалда жандандыруу бөлүмүндө жатат.  Үчүнчү жабырлануучу эки колунан 1, 2 жана 3-даражадагы күйүк алган — 10%ы күйгөн. Ал да ооруканага жаткырылып, абалы орточо оор деп бааланууда. Төртүнчү жабырлануучу тизесинен жаракат алган, абалы канааттандырарлык, ооруканага жатуудан баш тарткан. Ал эми бешинчи жабырлануучуга иске ууланган деген диагноз коюлуп, ал дагы амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү», — деди ал.

Эскерте кетсек, 2-февралга караган түнү саат 03:00 чамасында Бишкек ЖЭБинде авария катталып, жабдуулар иштен чыккан. Учурда авариялык абалдын келип чыгуу себептерин аныктоо жана калыбына келтирүү боюнча аракеттер жүргүзүлүүдө.

647