Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бир нече саат мурда штаттык эмес кырдаал болгон Бишкек шаарындагы ЖЭБке барды.
Министрлер кабинетинин башчысы жеринде калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү менен таанышып, ыкчам штабдын жыйынын өткөрүп, тиешелүү мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмаларды берди.
Тактап айтканда, Энергетика министрлигине, Бишкек шаарынын мэриясы менен биргеликте ыкчам штабды жетектеп, саат 17:00гө чейин окуянын келип чыгуу себептери боюнча бардык маалыматтарды жана жылуулук электр борборунун толук кандуу иштешин камсыз кылуу боюнча мындан аркы иш-чаралардын планын берүү тапшырылды.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жана Министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине ЖЭБдин бузулган объекттерин калыбына келтирүү иштерин баштоо тапшырылды.
Саламаттыкты сактоо министрлигине ЖЭБдин жабыркаган жумушчуларына керектүү жардам көрсөтүүнү өзгөчө көзөмөлгө алуу тапшырылды. Каржы министрлигине калыбына келтирүү иштерине зарыл болгон финансылык каражаттарды тез арада бөлүп берүү тапшырылды.
Министрлер кабинетинин башчысы учурда негизги маселе жарандардын батирлерин жылуулук менен камсыз кылуу жана мындай жагдайлардын кайталанбашы керек экенин белгиледи.