7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Психикалык оорусу бар». Жаран жылаңач чыгып алып унааларга асылган

385

Бишкекте жылаңачтанган чет элдик жолдо бараткан унааларга асылган. Бул тууралуу видео соцтармакта тарады.

Ага ылайык, окуя 1-июнга караган түнү Тоголок Молдо менен Кудрук көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Колуна бычак кармаган чет элдик жаран жолдо бараткан унааларды тосуп чыгып, аларга асылган. Андан буйтап качабыз деген 5 унаа жабыркаган.

Милиция аталган окуя болгонун ырастап, видеодогу адам 23 жаштагы чет өлкөнүн жараны экенин билдирди. Милиция аны тез жардам кызматына өткөрүп берип, андан кийин алар чет элдикти психикалык ооруканага жеткирген. Анын психикалык оорусу бар экени аныкталган.

Бул окуя боюнча териштирүү иштери уланууда.

 

386