7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Психикалык саламаттык борборунун кошумча жаңы имараты ачылды

645

Бүгүн, 10-октябрда Жалал-Абад облустук психикалык саламаттык борборуна кошумча жаңы имарат жана ашкана курулуп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Ачылуу аземине Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Ааткеримов, “Ассанабил” коомдук кайрымдуулук фондунун директору Мухаммед Абдилкарим Али, Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова жана Саламаттык сактоо министрлигинин облустагы координатору Карманбек Байдавлетов баштаган дарыгерлер катышты.

Жаңы курулган имарат бир кабаттан туруп, анда ашкана, бейтаптарга кеңеш берүү бөлмөлөрү жана намазкана жайгашкан. Курулуш “Ассанабил” коомдук кайрымдуулук фонду тарабынан каржыланып, жалал-абад шаардык мэриясы да жергиликтүү бюджеттен колдоо көрсөткөн.

Белгилей кетсек, аталган психикалык саламаттык борборунда Жалал-Абад облусу боюнча 8 миңге жакын жаран каттоодо туруп, жылына 1300дөй бейтап дарыланып чыгат.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

646