7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Психотроптук дарыларды мыйзамсыз ташыган жаран кармалды

339

КР УКМК Чек ара кызматынын аскер кызматкерлери менен бирдикте күчтүү таасир этүүчү баңги заттарды өлкө аймагына ташып келүү менен шугулданган кылмыштуу топтун аракеттерине бөгөт коюлду.

Тактап айтканда, Казахстандан Кыргызстандын аймагына күчтүү таасир этүүчү дары-дармектерди тиешелүү уруксаат кагаздары жок алып кирүү учурунда Кыргыз Республикасынын жараны кармалды. Колго түшкөн каражаттарды атай кетсек: «Тропикамид» 288 таңгак, «Мидакс» 2160 даана жана «Лирика» 230 таңгак. Булардын баары адамдын ден соолугуна күчтүү таасир этүүчү психотроптук каражаттар экени аныкталган.

Ага улай, Бишкек шаарынын аймагында психотроптук каражаттарды сатуу боюнча ортомчулары жана уюштуруучулары кармалды.

Учурда контрабандалык схемаларды аныктоо боюнча тергөө иш-чаралары уланууда.

340