7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Психотроптук дарыларды сатууга шектелип 40 жаштагы аял кармалды

210

Психотроптук дарыларды сатууга шектелип 40 жаштагы аял кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын ИИББнын Басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек ШИИБна 2025-жылдын 30-декабрында Биринчи Май районунун аймагында белгисиз адамдар психотроптук жана күчтүү таасир этүүчү дары-дармектерди, ошондой эле баңгизаттарды мыйзамсыз сатып жүргөндөрү боюнча маалымат түшкөн.

Аталган факт боюнча Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан кылмыш иши козголгон.

“Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында Власов көчөсүндөгү үйлөрдүн биринин жанынан милиция кызматкерлери тарабынан 1986-жылы туулган жаран Т.Г. кармалган. Жеке тинтүү учурунда ага таандык кара түстөгү сумкадан психотроптук, күчтүү таасир этүүчү дары-дармектин 214 таблеткасы табылган. Кармалган жаран айтымында, аталган дары-дармектерди ал Ош базарынан сатып алып, дарыгердин дайындоосуз жана рецептисиз тааныш адамдарга бир даанасын 500 сомдон 700 сомго чейинки баада саткан. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, шектүү Т.Г. Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды”, — деп берилет маалыматта.

Учурда Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан бардык зарыл болгон тергөө иш-чаралары улантылууда.

211