7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Путин болуп жаткан окуяларды далыга бычак уруу деп атады

1038

Бүгүн, 24-июнда Орусиянын президенти Владимир Путин элине кайрылуу жасады.

“Биз туш болгон жагдай — бул ички саткынчылык, өз өлкөсүнө жана элине чыккынчылык кылуу. Биздин жооп катаал болот. Көтөрүлүш жана террорчулуктун жолуна түшкөндөрдүн жазасы ушундай. Орусиянын башчысы катары өлкөнү коргоо үчүн бардыгын жасай турганын, чечкиндүү чаралар көрүлөрүн, алар катаал болорун кошумчалайм.

Өлкөнү коргоого бардык күч аракетимди жумшайм. Аскердик төңкөрүштү уюштуруп, куралды көтөргөндөр Орусияны сатышты, алар бул үчүн жооп берет, — деди Путин.

Ошондой эле учурда Ростов-на-Дону шаарында кырдаал оор экенин белгиледи.

Эскерте кетсек, Москва шаарында жана Воронеж облустарында болушу мүмкүн делген теракттардын алдын алуу максатында антитеррордук операция режими киргизилди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1039