Россиянын президенти Владимир Путин 1990-жылдары жүргүнчү ташып иштегенин «Россия 24» телеканалына берген маегинде эскерди.
Алып баруучу 90-жылдардагы экономикалык оор абалды сүрөттөп, көпчүлүк мыкты адистер жумушсуз калганын эске салса, президент,
«Мен дагы кээде киши ташып иштеп калчумун. Ал кезди көп эстегим келбейт. Бирок башыман ошондой күндөр өткөн», — деди.
Маалыматка ылайык, Путин ал жылдары Санкт-Петербург шаарында жашаган. Кийин ага президенттин иш башкармалыгынан кызмат сунушталып, Москва шаарына көчүп келген.
Россия лидери буга чейин берген маектеринин биринде дагы 1990-жылдары мэриядагы кызматынан кеткен соң, Санкт-Петербургда такист болуп иштегенин айткан.