Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин Кытай жарандары үчүн Орусияга визасыз кирүү жөнүндө жарлыкка кол койду. Бул тууралуу РИА маалымат агенттиги жазды.
Маалыматта белгиленгендей 2026-жылдын 14-сентябрына чейин, өз ара түшүнүшүү принцибин эске алуу менен, Кытай жарандары Орусияга барып, конок же иш сапары менен, турист катары же илимий, маданий, коомдук-саясий, экономикалык жана спорттук иш-чараларга катышуу үчүн 30 күндөн ашык эмес убакытта жүрүүгө укуктуу. Жарлыкта ошондой эле кытай жаранынын паспорту менен өлкө аркылуу транзит менен Россияга кирүүгө уруксат берилет.
Бирок, документте көрсөтүлгөн кирүү тартиби Россияга жашоо, жумуш, анын ичинде журналисттик иш же билим алуу үчүн келүүнү пландап жаткан жарандарга тиешелүү эмес. 30 күндүк визасыз кирүү эл аралык автомобиль транспортторунун айдоочуларына, экипаж мүчөлөрүнө жана коштоп жүргөн котормочуларга да тиешелүү эмес.
Документ кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирди.



