2026-жылдын 28-январында Жапаров Садыр Нургожоевичтин Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына киришкенине туура беш жыл толот. Бул жөн гана символикалуу дата эмес, аналитикалык жактан алганда да чоң мааниге ээ. Ал 2020-жылы эл аралык коомчулук тарабынан “келечеги бүдөмүк мамлекет” катары сыпатталган Кыргызстан менен бүгүнкү башкаруу системасы бекемделген, экономикасы өскөн жана аймактык деңгээлде өз ордун тапкан 2026-жылдагы Кыргызстанды салыштырууга мүмкүнчүлүк берет.
2020-жыл: башкаруудагы кризис жана экономикалык минимум
2020-жылдын күзүндө Кыргызстан институционалдык кыйынчылыктарга туш болду. Парламенттик шайлоодон келип чыккан саясий кризис Коронавирус пандемиясынын соккусу менен коштолуп, экономика кескин төмөндөдү. Ошол кездеги эл аралык талдоочулардын талкуусунда реформалар эмес, “Кыргызстан башкаруу жөндөмдүүлүгүн сактай алабы жана ал эл аралык картада калабы” деген суроо туруп калды.
Кризистин масштабын расмий статистика тастыктап турган. 2020-жылы ИДП 598,3 млрд сомду түзүп, реалдуу өсүш индекси 91,4% болуп, экономика дээрлик 9%га кыскарган. Негизги капиталга инвестициялар төрттөн бирге азайып, курулуш тармагы мурунку жылдын деңгээлинен 84,1% чейин түшкөн. Эл аралык резервдер 3 млрд доллардын тегерегинде болуп, экономиканын туруктуулугу чектелүү эле. Мамлекеттин саясаты өнүгүүгө эмес, туруксуздуктун алдын алууга багытталган аргасыз реактивдүү мүнөздө болду.

2021-жылдан кийинки кайра жандануу: мамлекет өз милдеттерин аткаруу жөндөмүнө кайтты
2021-жылдын январында Садыр Жапаровдун президенттик кызматка киришүүсү башкаруу логикасына бурулуш жасады. Чечимдерди борборлоштурууга, жоопкерчиликтин темирдей тартибине жана аткарууну тездетүүгө басым жасалды. Бул модель институттардын сапаты жана саясий атаандаштык жөнүндө талкуулардын предметине айланды. Бирок иш жүзүндө ал негизги көрсөткүчтөрдү өзгөрттү. Мамлекет кабыл алынган чечимдерди ишке ашырууга кайрадан жөндөмдүү боло баштады.
Экономика үчүн бул алдын ала божомолдоого мүмкүн болгон туруктуулуктун кайтып келиши дегенди билдирип турду. 2020-жылы токтогон инвестициялык долбоорлор жанданып, инфратүзүмдүк программалар саясий туруксуздукка карабай, ишке аша баштады. Ал эми “аткаруучулук” фактор декларативдик реформалардан алда канча маанилүү болуп калды.
Беш жылдагы экономикалык өсүш: Ылдыйдан ыкчам өсүшкө карай
2025-жылга карата Кыргызстандын экономикасы 2020-жылдагы кризистик абалынан кескин айырмаланды. Маалыматтарга ылайык, өлкөнүн ИДПсы беш жылда номиналдык түрдө үч эседен ашык өсүп, 1,98 трлн сомго жетти. 2025-жылдагы реалдуу өсүш 11,1%ды түзүп, республиканы чөлкөмдө экономикасы эң тез өнүгүп жаткан өлкөлөрдүн катарына кошту.
Айрыкча, курулуш тармагы экономикалык өзгөрүүлөрдүн айкын көрсөткүчүнө айланды. 2020-жылдагы кескин төмөндөөдөн кийин бул тармак туруктуу кеңейүү нугуна түштү. 2025-жылы курулуш продукциясынын көлөмү 438,5 млрд сомду түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 21%га өстү. Бул жерде кеп турак жай курулушу гана эмес, жолдорду, инженердик инфратүзүмдү, социалдык жана энергетикалык объектилерди курууну камтыган узак мөөнөттүү, таасирдүү капиталдык салымдар тууралуу болуп жатат.
Негизги капиталга инвестициялар да туруктуу мүнөздө өсүүдө. 2020-жылы кескин кыскарган бул көрсөткүч 2025-жылы 280 млрд сомдон ашты. Бул бир жолку секирик эмес, толук кандуу инвестициялык цикл калыптанып жатканын билдирет.

Каржылык туруктуулук: резервдер жана алтындын ролу
Кыргызстандын макроэкономикалык абалынын өзгөргөндүгүнүн маанилүү көрсөткүчтөрүнүн бири – эл аралык резервдердин өсүшү. 2020-жылдагы 3 млрд доллардын тегерегиндеги көрсөткүч 2025-жылдын сентябрына карата 7 млрд доллардан жогору болуп, жыл аягында 8 млрд доллардан ашты. Бул чакан жана ачык-айкын экономика үчүн валюталык, соода жана каржылык тышкы таасирлерден коргонуунун сапаттык жаңы деңгээлин билдирет.
Бул өзгөрүүдө алтын чечүүчү ролду ойноду. 2025-жылы өлкө резервинде алтындын көлөмү 50–52 тоннага жетип, рынокто анын наркы 3,5–3,8 млрд долларга бааланды. Алтындын резервдеги үлүшү болжол менен үчтөн экини түзүп, валюталардын олку-солкулугуна жана геосаясий тобокелдиктерге туруктуулукту күчөттү. 2020-жылдын башында мындай натыйжа мүмкүн эмес эле. Анткени резервдик база алда канча аз, түрү да чектелүү болчу.
Чөлкөмдөгү туруктуулук экономикалык фактор катары
Экономикалык өзгөрүүлөр маанилүү дипломатиялык жетишкендиктер менен коштолду. 2025-жылы Кыргызстан менен Тажикстан чек араны делимитациялоо боюнча келишимге кол коюп, узак жылдардан бери аймактык туруктуулук үчүн кооптуу болуп келген маселенин бирине чекит коюлду. Бул түштүк аймактардагы чыңалууну азайтып, инвестициялык өсүшкө өбөлгө боло турган соода жана логистика шарттарын жакшыртты. Ушундай эле процесс Өзбекстан менен да жүргүзүлдү.
Тышкы өнөктөштөрдүн көз карашы боюнча, аталган келишим Бишкек эң татаал маселелерди «тоңдурулган» абалда калтырбай, саясий-дипломатиялык ыкмалар менен чечүүгө даяр экендигинин белгиси болуп калды.
Кыргызстан дүйнөлүк өзгөрүүлөрдүн алкагында: байланыш жана электр кубаты
Жапаровдун беш жылдык башкаруусу дүйнөлүк соода жана логистикалык чынжырлардын кайра түзүлүү учуруна туш келди. Мындай жагдайда Борбор Азия периферия эмес, байланыш мейкиндиги катары карала баштады. Кыргызстан бул логикага чөлкөмдүк каттамдардын транзиттик элементи жана узак мөөнөттүү энергетикалык долбоорлордун катышуучусу катары акырындык менен интеграцияланууда.

Алдыда эмне күтүп турат?
Ошентип, беш жылдыктын жыйынтыгы кескин айырмаланды. 2020-жылдагы Кыргызстан төмөндөө, инвестициянын токтоп калышы жана башкарууга болгон күмөн саноолор менен мүнөздөлсө, 2025-2026-жылдары – Кыргызстан ИДПнын он пайыздан жогору өсүшүн, масштабдуу курулуш, алтындын үлүшү жогору болгон рекорддук резервдерди көрсөтүп, аймактын туруктуулугуна олуттуу салым кошту.
Бирок чоң сыноо али алдыда. Жетишилген ийгиликтердин көбү саясий эрк жана борборлоштурулган башкаруу аркылуу мүмкүн болду. Эми бул натыйжаларды институционалдаштыруу, башкача айтканда, саясий циклден көз карандысыз иштеген, калктын кирешесин жана инвестициянын туруктуулугун камсыз кылган эрежелерге айлантуу зарыл.
Азырынча Садыр Жапаровдун президенттигинин беш жылдыгы кылдат, бирок так жыйынтык чыгарууга негиз берет: 2020-жылы көпчүлүк “өнүгүүдөн артта калды” деп эсептеген өлкө өз тагдырын өзү чечүү мүмкүнчүлүгүн кайтарып алды. Бул багыт сакталып калабы –алдыдагы он жылдыктын негизги суроосу мына ушул.
2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүү стратегиясынын кабыл алынышы кризиске каршы башкаруудан системалуу пландоого өтүүнү тастыктайт.
Бул стратегия азыркы өлкө жетекчилиги аркылуу ырааттуу ишке ашырылса, экономиканын туруктуу өсүшү, институттардын чыңдалышы жана инвестициялардын активдешүүсү убактылуу натыйжа болбой, туруктуу тенденцияга айлануусуна толук мүмкүнчүлүк бар. Учурдагы динамиканы эске алганда Кыргызстан жетишилген позицияларын сактап калуу менен гана чектелбестен, топтолгон күчүн узак мөөнөттүү аймактык лидерликтин факторуна айлантып, эң динамикалуу өнүккөн жана институционалдык жактан туруктуу мамлекеттердин катарына кошула алат.

Вано Бурдули
(Клуб Реформаторов)



