№169 кичи автобус менен КамАЗдын катышуусундагы жол кырсыктын видеосу социалдык тармактарда тарады.
Үрөй учурган жол кырсык бүгүн, 19-июлда Сокулукта катталган.
«Жалпы 24 адам ооруканага жеткирилди. 1 адам жеринде каза болгон. 4 адам жандандыруу бөлүмүнө түшүп, алардын үчөөсүнүн абалы оор. Калгандары амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү»,- деп билдиришти 7-каналга Саламаттыкты сактоо министрлиги менен байланышканыбызда.