Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Раимбек Матраимовдун жүрөгүнө операция жасоо пландалып жатат. Бул тууралуу өздүк булактар билдиришти. Маалым болгондой, учурда Раимбек Матраимов менчик клиникалардын биринде жатат.
Эскерте кетсек, 18-февралда Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Раимбек Матраимов УКМК тарабынан кармалган. Мекеменин маалыматына ылайык, Матраимов кылмыштуу кирешелерди адалдоо фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин айыпталган. 20-февралда Биринчи Май райондук сотунда анын баш коргоо чарасы каралып, эки айга камакта калтырылган.