7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Референдум жана жергиликтүү кеңештерди шайлоодо канча каражат бөлүнөрү аныкталды

473

Референдум жана жергиликтүү кеңештерге шайлоого 500 миллион сом сарпталат
Конституциянын жаңы долбоорун кабыл алуу боюнча референдумга жана жергиликтүү кеңештерге шайлоого бюджеттен 500 миллион сом сарпталат. Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Тынчтык Шайназаров жергиликтүү маалымат булактарына билдирген.


Анын айтымында, Жогорку Кеңеш референдум боюнча мыйзамды кабыл алгандан кийин референдум күнү белгилүү болот. Андан тышкары президент жергиликтүү кеңештерге шайлоо күнүн жарыялайт.

«Жергиликтүү кеңештерге шайлоо 11-апрелде өтөт. Аны аймактык шайлоо комиссиялары өткөрөт. Эки добуш берүү компаниясына алдын-ала эсептөөлөр боюнча 500 миллион сом жумшалат», — дейт ал.


Белгилей кетсек, 10-январда өлкөнүн башкаруу формасын аныктоо боюнча добуш берүү өтүп, анда президенттик башкаруу аныкталды. Конституциянын жаңы долбоору ага ылайык жазылып даярдалды. Парламентке референдум боюнча мыйзам долбоор киргизилди. Ага ылайык депутаттар кабыл алып, Баш мыйзамдын жаңы долбоорун кабыл алууга добуш берүү күнүн жарыялайт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

474