7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Рейтингдик мелдеш: Айсулуу менен Айперинин атаандаштары белгилүү болду

755

Хорватиянын Загреб шаарында өтүп жаткан “Zagreb Open” биринчи рейтингдик мелдешинде Айсулуу Тыныбекова менен Айпери Медет кызынын биринчи атаандаштары белгилүү болду.

Бүткүл дүйнөлүк күрөш уюмунун расмий баракчасында жарыялангандай, аталган мелдеште 62 кг салмакта Айсулуу Тыныбекова япониялык балбан Сакура Мотоки менен кез келет.

Белгилей кетсек, өткөн жылдын сентябрь айында Сербиянын Белград шаарында өткөн Дүйнө чемпионатында Тыныбекова Мотоки менен финалдык беттеште күч сынашып, аны 4:1эсебинде жеңип, Дүйнөнүн үч жолку чемпиону аталган.

Ал эми 76 кг салмакта Айпери Медет кызынын биринчи атаандашы америкалык балбан Аделина Грей болмокчу.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү 10-14-январь күндөрү Хорватияда өтүп жаткан рейтингдик мелдешке катышууда. Курама команданын башкы машыктыруучу Нурбек Изабеков.

756