Америкалык «Amazon» компаниясынын негиздөөчүсү Жефф Безос өз байлыгын 211 миллиард долларга чейин көбөйттү. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары билдирди.
Маалыматка ылайык, биржалык соодалоонун жыйынтыгы боюнча Безостун активдеринин жалпы наркы 8 миллиард 440 миллион долларга көбөйүп, анын байлыгы жалпы 211 миллиард долларга чейин жеткен. Дүйнөдөгү эң бай адамдардын ичинен рекорддук көрсөткүч.
Буга чейинки рекорд январь айында катталган. Анда Tesla компаниясынын башчысы Илон Масктын байлыгы 210 миллиард долларга жеткен. Бирок акыркы айларда анын байлыгы болжол менен 181 миллиард долларга чейин төмөндөгөн.
Белгилей кетсек, Безос учурда дүйнөдөгү эң бай адамдардын тизмесинде биринчи орунда турат. Маск экинчи орунда. Үчүнчү орунду франциялык Бернард Арно ээлейт.