Бишкек-Ош унаа жолунун 403-чакырымындагы Кара-Жыгач тилкесинде жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Chevrolet Cruze үлгүсүндөгү жеңил унаа жолдон чыгып, сайга кулап кеткен, натыйжада 23 жаштагы жаран каза болуп, үчөө жеңил жаракаттарды алышкан, унаа сууга жеткен эмес.
Каза болгон жаранды куткаруучулар жеткенге чейин жүргүнчүлөрү чыгарып, Кара-Көл шаардык ооруканасына жеткирилген.