Мыйзамсыз баюуга шектелип кармалган Түштүк-Батыш бажысынын башчысы Нурбек Айтмаматов үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы кабарлайт.
«Айтмаматов мамлекеттик бюджетке 74 миллион сом өлчөмүндө келтирилген зыяндын ордун толтургандыгына байланыштуу, соттун 2021-жылдын 1-июлундагы чечими менен үй камагына чыгарылды», -деп жазылат.
Маалыматка ылайык, сотко чейинки өндүрүштүн алкагында мамлекеттик чыгым катары аныкталган 100 млн. сомдун 74 млн. 517 миңин төлөп берген.
Түштүк-Батыш бажысынын башчысы Нурбек Айтмаматов мыйзамсыз баюу фактысы менен кармалды