«БИЗ МЕНЕН БИРГЕ!» шаардык платформасы.
«Ата-Журт Кыргызстан» партиясы Бишкек шаардык кеңешине шайлоого жаңы программа менен бара жатат. Анда Бишкектин негизги беш көйгөйү жана аларды чечүүнүн жолдору аныкталган.
№3 көйгөй. Бишкектин жаңы конуштары.
Бишкектин айланасында 54 жаңы конуш бар. Алардын ичинен 47си расмий таанылган. Мында 300 миң киши жашайт. Тургундардын бир бөлүгүндө азырга чейин расмий макам жок.
Конуштарда курч турган көйгөйлөр: жол, суу менен камсыздоо, канализация, ошондой эле мектептердин жана бала бакчалардын жетишсиздиги жана медициналдык тейлөөнүн жеткиликсиздиги.
Чечим:
• Жаңы конуштарды алгач ирилештирип, андан соң аларга микрорайон макамын берүү.
• Мэриянын алдында жаңы конуштардын маселелерин чечүү кеңешин түзүү. Ага жергиликтүү жамааттардын өкүлдөрү да кошулат.
• Жаңы микрорайондорду өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыгуу жана кабыл алуу.
«Ата-Журт Кыргызстан» партиясы – чыныгы күч!
Кел, биз менен бирге!
Посмотреть эту публикацию в Instagram