Мыйзамсыз баюу фактысы боюнча Мамлекеттик бажы кызматынын Түштүк-Батыш бажысынын башчысы Айтмаматов Нурбек Пайзылдаевич УКМК тарабынан кармалды. Бул тууралуу басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык Нурбек Айтмаматов өзүнүн кызматтык ыйгарым укуктарынан пайдаланып, Түштүк-Батыш бажысындагы товарларды туура эмес декларациялоо үчүн коррупциялык схемаларды, Товарлардын «жалган транзити» ж.б. уюштуруп, натыйжада олуттуу көмүскө киреше алып турган. Атап айтканда болжол менен 4,5 миллион АКШ долларына бааланган 30дан ашык элиталык батирлер, 1 млн. АКШ долларга бааланган 10дон ашык унаа каражаттарын мыйзамдаштырылган.
Ошол эле учурда көмүскө кирешенин бир бөлүгү «К.С.И.» жана «Р.К.» курулуш компания аркылуу мыйзамдаштырып, бирок негизги акциялары Айтмаматовго таандык болгон.
Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 323-беренеси (Мыйзамсыз баюу) боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды.
Кечээ, 10-июнда Айтмаматов Нурбек Пайзылдаевич КР Жазык-процесстик кодексинин 98-беренеси негизинде кармалып КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө иштери жүрүп жатат.