7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Республикалык тестирлөө: Быйыл «Алтын сертификатты» 54 абитуриент алды

1005

Бүгүн, 20-июнда Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынара Батракеева Билим берүү жана илим министринин орун басары Токтобүбү Ашымбаевага 2023-жылы Жалпы республикалык тестирлөөдө эң жогорку упай топтоп, “Алтын сертификат” алуу укугуна ээ болгон 54 окуучунун тизмесин тапшырды.

Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору берген тизмеге ылайык, Бишкек шаарынан – 39, Ош шаарынан жана Ош облусунан – 4, Чүй облусунан – 2, Ысык-Көл облусунан – 2, Нарын облусунан – 2, Баткен облусунан – 2, Талас облусунан – 2, Жалал-Абад облусунан – 1 окуучу “Алтын сертификат” алат.

Эң жогорку упай алган 5 окуучунун тизмеси:

  • Кызжибек Жээнбекова (236) – Ош шаары, №4 С.Киров атындагы орто мектеби;
  • Нурсейит Төрөбаев (236) – Бишкек шаары, Е. Б. Якир атындагы автордук физика-математикалык № 61 мектеп-лицейи;
  • Елизавета Алпацкая (234) – Бишкек шаары, “Гарвард Интернейшнл Скул” окуу-тарбия комплекси;
  • Аделя Сейитова (234) – Бишкек шаары, “Маариф” билим берүү комплекси;
  • Аман Есеналиев (233) – Бишкек шаары, Е. Б. Якир атындагы автордук физика-математикалык № 61 мектеп-лицейи;

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1006