7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Роналдиньо Кыргызстанга келген жок

769

Роналдиньо Кыргызстанга келген жок. Айрым маалыматтарга караганда, Роналдиньо Бразилиядан “салык төлөбөгөндүктөн” өлкөдөн чыгарылган эмес. Футболчу 29-августта саат 13.55те “Манас” аэропортуна келиши керек эле.

Буга чейин «Барселона» футбол клубунун президенти Жоан Лапорта легендарлуу футболчу Роналдиньо Кыргызстанга келерин билдирген.

Эске салсак, чет элдик басылмалар 2005-жылы «Алтын топтун» ээси, футболчу Роналдиньонун алдамчылык иши боюнча соттук отурумдарга келбей калганы үчүн Бразилиядан чыгууга тыюу салынганын жазып чыгышкан.

Бүгүн, 30-августта саат 20.00дө Бишкектин «Спартак» стадионунда «Барселона» футболдук клубунун легендалары менен беттеш болот. Алар «Азия легендалары» командасы менен беттешет. «Барселонанын» футболдук командасынын капитаны Карлес Пуйоль, Ривалдо Феррейра жана Хавьер Савиола Кыргызстанга келген.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

770