Россия Кыргызстанга гуманитардык жардам жөнөттү. Бул тууралуу Россиянын Кыргызстандагы элчилиги билдирди.
Маалыматка ылайык, көрсөтүлгөн азык-түлүктөрдүн салмагы тогуз тонна.
«Россия Кыргызстанга 8 миллион долларлык гуманитардык жардам көрсөтүү боюнча чечим кабыл алды. Ал каражатка жакыр жашаган үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүү максатында тогуз миң тонна азык-түлүк сатып алынды. 25-ноябрда Бишкекте ун жана өсүмдүк майын тапшыруу аземи болуп, андан соң региондорго бөлүштүрүлөт. Бул долбоор БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы менен биргеликте ишке ашырылууда», — деп жазылат маалыматта.
Аны менен катар Россия өлкөдө тамак-аш коопсуздугун бекемдөө боюнча башка долбоорлорду дагы каржылоону уланта турганы белгиленет. Анын ичинде башталгыч класстарды ысык тамак менен камсыздоо дагы бар. Бүгүнкү күндө ысык тамак менен 400 миң окуучу камсыздалган.