Москванын жанындагы Мытищи шаарында 9 жерине бычак сайылып өлтүрүлгөн кыргыз кызынын жансыз денеси табылган. Бул тууралуу “Вечерняя Москва” гезити жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, кылмыш 6 -августка караган түнү болгон. Айыпталуучу кызга кол салып, сумкасын тартып алууга аракет кылган. Кыз каршылык көрсөткөндө, кол салган адам бычак алып чыгып, аны далысына тогуз жолу сайып жиберген. Маркум алган жаракатынан улам ошол жерден каза болгон.
Россиянын тергөө комитети кол салган адам күнөөсүн толугу менен мойнуна алгандыгын, ага карата “Киши өлтүрүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголгондугун кабарлайт.
Белгилей кетсек, маркум 19 жашта болгон. Кылмыш катталган кечинде англист тили курсунан үйүнө бараткан.