7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2023
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
252627282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
Бишкек, KG
14°C

Россияда кыргызстандык таксистке кол көтөргөн факты боюнча кылмыш иши козголду

362

Россияда таксистке кол көтөргөн факты боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Бүгүн, 3-августта КРнын Россия Федерациясындагы Элчилигинин Консулдук бөлүмүнө Кыргызстандын жараны 1975-жылы туулган М.Ш. чакырылган. Бир күн мурда социалдык тармактарда жана бир катар маалымат агенттиктеринде Москвада кыргызстандык таксистке адекваттуу эмес кардар кол көтөргөнү тууралуу маалымат тараган.

КРнын Ички иштер министрлигинин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү Москва шаарындагы полициянын тиешелүү бөлүмүндө жабырлануучунун арызын каттоону уюштурган.

Таксисттин айтымында, 18-июнда түштөн кийин буйрутма түшүп, андан кийин Неглинная көчөсүндөгү керектүү дарекке жетип, жүргүнчүлөрдү алып кеткен. Бир аз убакыт өткөн соң кардарлардын бири унаадан түшүп, дүкөнгө жөнөп, ал жерден бир бөтөлкө сыра менен кайтып келген. Кардарга унаа ичинде алкоголдук ичимдиктерди ичпөө өтүнүчү менен таксист кайрылганда, анын жанында отурган адам айдоочуга кол көтөрүп, бир нече жолу уруп жиберген.

Мыйзамсыз аракеттердин натыйжасында таксист денесинен жаракат алган. Бул факты боюнча чогултулган материалдардын негизинде ИИМдин Москва шаарынын Басманный району боюнча бөлүмүндө Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 116-беренеси «Сабоо» боюнча кылмыш иши козголгон.

Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалып,тергөө иштери башталды.

Эске салсак, орусиялык блогерлер биринчилерден болуп таксисттин мыйзамдуу укугун коргоп, бул окуяны социалдык тармактарга чыгарышкан.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

363