7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Россияда кыргызстандыктар жол кырсыгына кабылып, бирөө каза болду

612

Кечээ, 25-апрелде Екатеринбург-Шадринск-Курган унаа жолунда Кыргызстандын жарандарынын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.

Алдын ала маалыматтар боюнча, Кыргызстандын жараны башкарып келе жаткан Хонда Фит үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу каршы тилкеге чыгып кетип, Hyundai жүк ташуучу унаасы менен кагышкан.

Кырсыктын кесепетинен 1989-жылы туулган КР жараны алган жараатынан улам жеринен каза болгон. 1985-жылы туулган айдоочу жана жүргүнчү 1999-жылы туулган кыз ар кандай жаракаттар менен Щадринск шаарынын ооруканасына жаткырылган. Жабыркагандардын абалы туруктуу экени айтылууда.

Кыргызстандын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугу окуянын бардык жагдайларын тактоо иштерин жүргүзүүдө. Маркумдун жакындары менен туруктуу байланыш түзүлүп, Кыргызстанга жүк-200 жөнөтүү маселеси чечилүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

613