Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 5-айында КР ИИМ өкүлчүлүгү Москва шаарынын полиция кызматкерлери менен биргеликте РФ аймагында Кыргызстандын жарандарынын жасалма документтерин колдонуунун 113 фактысын аныкташкан.Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
«Бул аныкталган жасалма документтердин бардыгы чет өлкөлөрдө даярдалганы белгилүү болду. Россиянын аймагында иштөө максатында Кыргызстандын жаранынын жасалма паспорт жана айдоочулук күбөлүктөрүн Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жарандары колдонгон учурлар арбын«,-деп айтылат ИИМдин билдирүүсүндө.
Рейд учурунда жасалма пластикалык айдоочулук күбөлүктөрдү жана ID-карт түрүндөгү (2004-жылдын үлгүсү) паспортторду колдонуунун — 57 фактысы (паспорт — 28, айдоочулук күбөлүк — 29), ал эми Борбордук Азиянын жарандары тарабынан — 56 фактысы (паспорт — 52, айдоочулук күбөлүк — 4) аныкталган.
Жогоруда келтирилген бардык фактылар боюнча Россия ИИМинин аймактык бөлүмдөрүнүн соттук-медициналык борборлору тарабынан тиешелүү экспертизалар жүргүзүлүп, ага ылайык алынган документтер мамлекеттик стандарттарга туура келбей турганын, түстүү сыя менен басып чыгаруу жолу менен жана өздүк маалыматтарды өзгөртүп жазашканы аныкталган.
КР жарандары көбүнчө айдоочулук күбөлүктөрдүн жарактуулук мөөнөтүн өзгөртүү менен жасалма айдоочулук күбөлүктөрдү колдонушат. Орто Азиянын жарандары жөнүндө айта турган болсок, алар негизинен Россия Федерациясында иш жүргүзүү максатында жасалма документтерди — (фотосүрөттөрү чапталган) пластик айдоочулук күбөлүктөрдү жана ID-карт паспортун (2004-жылдын үлгүсү) колдонушат. Кийинчиреек текшерүү учурунда белгилүү болгондой айтылган ПИН-номерлери жана паспорттун сериялары КРнын башка жаранына таандык экени аныкталып калат.