Таш-Көмүрдө турак үйдөн өрт чыгып, бир үй-бүлөдөн 4 киши көз жумду. Бул тууралуу ӨКМден билдирди.
Маалыматка ылайык, кырсык кечээ кечке маал катталган. Турак үйдөн чыккан өрттүн кесепетинен 63 жаштагы киши, 13, 10 жаштагы балдар жана 6 жаштагы кыз каза тапты. Алар бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү болгон.
