7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Рух ордо» туристтик борборуна кирүү акысы арзандады

449

Эми Ысык-Көлдөгү “Рух ордо” туристтик борборуна кирүү акысы 500 сом эмес, 350 сомдон болот. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзөв билдирди.

“Урматтуу достор! Ысык-Көлдөгү “Рух ордо” туристтик борборуна байланыштуу маалымат менен бөлүшө кетейин. “Рух ордого” кирүү үчүн ар дайым киши башына акча алынып келгенин, ал жакка мындан 3-4 жыл мурун баргандар жакшы билишет. Ал кезде, билесиздер, аталган туристтик борборду жеке жактар иштетип келишкен. Кирүү акысы 2020-жылга чейин 400 сом болсо, андан кийин аны 500 сомго чыгарышкан. Жана бул сумма бүгүнкү күнгө чейин кармалып турган. “Рух ордо” мамлекеттин карамагына өтүп, документтештирүү жана башка жол-жоболору бүткөрүлүп, быйыл туристтерди жаңыдан кабыл ала баштаган. Көп өтпөй “Рух ордого” кирүү акысына (500 сомго) нааразычылыктарын да билдирип чыгышкандар болду.

Мындан улам, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен жарандарыбыздын руханий азыктануусуна жеткиликтүү шарт түзүү максатында бул туристтик борборго кирүү акысы 350 сомго төмөндөтүлдү. «Акысыз эле кылып койсо болбойт беле» деген да суроолор туулушу мүмкүн. Бирок борбордогу обьектилерди бапестеп карап турууга, чеке-белин көрктөндүрүп, жакшыртып турууга каражат талап кылынарын унутпашыбыз керек”,- деди ал.

 

 

450