7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Руслан Акматбек: Коомдук пикирди аныктап, бийликке жеткирип турган аналитикалык уюмубуз жок

523

Жарандык активист, саясат талдоочу Руслан Акматбек: Кемпир-Абад боюнча күнөөлөнгөндөрдү актаган сот Марат Сыдыковдун чечими – Кыргызстан дагы да борбор азиялык чөлкөмдө «демократия аралы» экенин көрсөтүп, сөз эркиндиги биздин коом үчүн жогорку баалуулук бойдон сакталганын далилдеди. Өтө саясатташып кеткен маселеге сот чекит коюп, деги эле соттор Кыргызстанда өз алдынча бийлик бутагы экенин көрсөттү.

Муну менен коомдо пайда болгон касташуу бир топ жумшарат болуш керек жана келечекте бийлик менен оппозиция ортосундагы мамилени душмандык маанайда эмес, келишпес тирешүүсү жок эле, бирин бири угуп-сыйлап, түшүнүп, жаралган маселелерди пикир алмашуу жана мунасага келүү менен орнотсо боло тургандай нукка салынгандай болду. Бирок ал үчүн коомдук пикирди аныктап-талдап, бийликке түшүндүрүп, калыс жеткире турган аналитикалык уюмдар жок экени дагы көрүндү.

524