10-декабрда Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев видеоконференцбайланыш форматында КМШ катышуучу-мамлекеттердин Тышкы иштер министрлеринин кеңешинин кезектеги жыйынына катышты.
Жыйында эл аралык жана регионалдык көйгөйлөр жана ар түрдүү багыттар боюнча , анын ичинде КМШ мейкиндигинде коронавирустук инфекциянын жайылышына каршы күрөшүүдө кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү боюнча пикир алмашуулар болду.
Ошондой эле Кеңештин мүчөлөрү 2021-жылга КМШнын алкагында көп деңгээлдик ТИМдер аралык консультациялардын планын бекитишти жана физика жана физика-техникалык илимдер боюнча илимий кадрларды жана прокуратура органдарынын кызматкерлерин даярдоо жаатында КМШ катышуучу-мамлекеттердин базалык уюмдары боюнча чечим кабыл алышты.
Министр КМШнын алкагында Эркин соода-сатык зонасы жөнүндө келишимди мындан ары ишке ашыруу, транспорттук-логистикалык инфратүзүмдөрдүн үзгүлтүксүз иштеши үчүн шарттарды түзүү жана аны мындан ары өнүктүрүү, ошондой эле үзгүлтүксүз авиакаттамдарды акырындык менен кайра жаңылоо жана эмгек ресурстарын айкалыштыруу жолу менен соода-экономикалык чөйрөдөгү кызматташууну күчөтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
КМШ ТИМКнын кийинки жыйынын Россия Федерациясында 2021-жылдын 2-апрелинде өткөрүү пландалды.