7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Руслан Казакпаев Черногорияда «Ала-Тоо Резорт» комплексин тааныштырды

345

Кыргызстандын элчиси Руслан Казакбаев Черногориянын Подгорица шаарында Соода-өнөр жай палатасынын президенти Нина Дракич менен жолукту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу соода жүгүртүүнү көбөйтүү жана биргелешкен экономикалык демилгелерди ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Кыргызстандын инвестициялык потенциалына өзгөчө көңүл бурулду, анын ичинде «Ала-Тоо Резорт» тоо-лыжа кластерин куруу боюнча ири долбоор тууралуу кеңири маалымат берилди.

Мындан тышкары, элчи бизнес-форум өткөрүү жана Черногориянын бизнес делегациясынын Кыргызстанга иш сапарын уюштурууну сунуштап, Нина Дракичти өлкөгө келип кетүүгө чакырды.

346