7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Рыспай Абдыкадыровдун 80 жылдык мааракесине көңүл бурулбай калдыбы?

1048

Ош облусунда ырдын пири Рыспай Абдыкадыровдун 80 жылдыгына арналган иш чаралар башталды. Бүгүн, 20-август Абдыкадыровдун атын алып жүргөн Филармониянын алдындагы эстелигине гүл чамбар коюлуп, эскерүү кечеси өттү.

Ошону менен бирге Рыспай Абдыкадыров атындагы жаш таланттуулар сынагы өттү.  Облус жетекчисинин өкүлүнүн орун басары Данияр Жаныкулов, «Турмуш» басылмасына ырчынын 80-жылдыгына мамлекет тарабынан 145 миң сом бөлүнгөндүгүн айткан.

Рыспай Абдыкадыровдун  шакирти Жолболду Алыбаев, устатынын 80-жылдыгы Республикалык деңгээлде өтө турган жолу бар экендигине карабай, анчейин көңүл көш мамиле жасалып жаткандыгына нааразычылыгын билдирет.

«Эскерүү биз ойлогондой болбой жатат. Бирок көзү өткөндөн бери эле ыр сүйгөн, талант барктаган кыргыз эли жана шакирттери тарабынан эскерилип келет. Өкүнүчтүүсү — көзү тирүүсүндө «Алтын фондго» кээ бир ырлары гана кирип, көпчүлүк ырлары кирбей калган. Учурда жаштар ырларын аткарып жүрүшөт. Р.Абдыкадыровдун 80 жылдыгында «Эл баатыры» наамын берип коюшса керек деп ойлоп жаткам. Музыканын мындай легендасы ким эле? Жетекчилерге кайрылып кетет элем, быйыл ушул наамды берип коюшса«- дейт Эл артисти Жолболду Алыбаев.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1049