17-августта УКМК тарабынан Жалал-Абад облусунда Сириядагы эл аралык террористтик уюмдардын ишмердүүлүгүнө тиешеси бар деп изделип жаткан 1995-жылы туулган Кыргыз Республикасынын жараны «А.Ж.» кармалды. Бул тууралуу комитеттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кармалган адам 2015-жылы Сирияга кеткенин, анда ал «Хаят Тахрир аш-Шам» эл аралык террордук уюмунун тобу тарапта куралдуу кагылышууга катышкандыгы аныкталган. кармалган «А.Ж.» чет өлкөдөн жасалма документтердин негизинде Кыргызстанга кирип жана террористтик аракеттерди жайылтуу үчүн жашыруун ячейкаларды уюштуруу үчүн, ЭТУнун лидерлеринин тапшырмасы боюнча келгендиги аныкталган.
Сотко чейинки өндүрүш материалдарынын алкагында кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда ыкчам-тергөө иш -чаралар жүрүп жатат.