20-апрель күнү Сузак районунун Чаңгет-Сай айылынын тургуну 1992-жылы туулган Немат уулу Дүйшө өзү жашаган үйүнөн “Бишкек шаарына барып иштеп келемин” деп чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда.
12-май күнү дайынсыз болуп жаткан жигитти Бишкек шаарынан көргөндөр болгон. Учурда Немат уулу Дүйшөнүн жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт.
Белгилери: Бою 165-170 см, өңү ак жүздүү, кашы, көзү, чачы кара, орто дене түзүлүштө, сол кашынын астында авариядан калган тырыгы бар.
Кийген кийимдери: Үстүндө көк түстөгү спорттук кийим, көк түстөгү джинса шым, бутунда кара түстөгү кроссовки болгон.
«Дайынсыз болуп жаткан Немат уулу Дүйшө тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо биздин дарекке кабарлап коюуңуздарды суранабыз.
Алдын ала көрсөткөн жардамыңыздар үчүн ыраазычылык билдиребиз» -дейт Жалал-Абад РИИБинин басма сөз кызматы.
Тел.: 102, (03748) 5 02 09, 0778 15 15 91, 0558 16 16 91.