7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сүйүнүчтөн улам Айсулуу Тыныбекованы машыктыруучусу көтөрүп жиберди (ВИДЕО)

641

Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасынын мүчөсү Айсулуу Тыныбекова Дүйнөнүн 3 жолку чемпиону аталды.

Тыныбекова 16-сентябрдан 24-сентябрга чейин Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан Дүйнө биринчилигине 62 кг чейинки салмак чен бирдигинде 1/16 финалдык баскычтан тарта катышты.

Аталган беттеште Тыныбекова польшалык, молдовалык, украиналык жана германиялык балбандарды артта калтырып, финалга өткөн.

Финалдык беттеште кыргыз балбаны япониялык Сакура Мотоки менен күч сынашып, аны 4:1эсебинде жеңип, алтын медалга татыды. Айсулуу Тыныбекова буга чейин Дүйнөнүн эки жолку чемпиону болгон.

Жеңишке жетип, кубанычтан улам улуттук кураманын башкы машыктыруучусу Нурбек Изабеков Айсулуу Тыныбекованы көтөрүп, килемди тегеренип чуркады.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

642