7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сүйүнбек Касмамбетов тууну өзгөртүү боюнча үн катты

570

Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов тууну өзгөртүү тууралуу оюн билдирип, сабырдуулукка чакырды.

“Жогорку Кеңештин төрагасы Нурлан Шакиев элине чексиз берилген, мекенчил инсан. Айрыкча, улуттук нарк, насил, тил, дил жаатында нар көтөргүс иш алпарууда.Тажрыйбасы көп дасыккан жетекчи.

Ак ниети, изги тилеги менен депутат Улан Примов экөө биргелешип мыйзам долбоорун демилгелешти.

Сунушталган ой Президент Садыр Жапаровго, Вице — премьер — генерал Камчыбек Ташиевге, мага дагы жагып, өлкөбүз  жаңыланып, жанданып жатканда, жаңыртылган желегибиз болсо деген ниетте болгонбуз.

Арийне, коомдо кызуу талкуу жүрүүдө… Илгертен элибиз тилек кылышчу. Өзгөнүн туусун жыгып, өзүнүн туусун саяр балдарыбыз көп болсо экен деп . Улуу Ата мекендик согуш учурунда дагы аскердик бөлүктөр күжүрмөн туусу үчүн кырылып калышкан.

Азыркы биздин туубуз, Эгемен элдин жүрөгүнөн терең орун алып, боор эт менен бир болуп, жан дүйнөгө бүлүк салганы коомдук талкууда байкалууда.

Эл шайлаган Жогорку Кеңештин депутаттары, элдин мүдөөсүн эске алуу менен иш алып барат деген тилекте бололу.

Кандай кырдаал болсо дагы, бири — бирибизге этият мамиле кылып, сабырдуулукту көрсөтөлү” – деп жазды ал.

571